Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун аймагында күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жер силкинүү Базар-Коргон районунун Арсланбап, Көсө-Терек, Кызыл-Үңкүр айылдарында 4,5 балл, Гүмкана, Көк-Алма, Жазы-Кечүү, Жай-Терек айылдарында 4 балл, Ноокен районунун Тоскоол айылында, Сузак районунун Ак-Тоок, Сары-Булак айылында, Кара-Көл шаарында 3 баллга чейин сезилген. Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга жеткен. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
22-мартта да аталган облустун аймагында күчү беш баллга жеткен жер титирөө болгон.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Алып баруучу элеңдеп. Түз эфирде тартылып калган жер титирөөнүн видеосу