Өлкө аймагында террордук ишмердүүлүк жүргүзгөн чет элдик кармалды. Сүрөт

Шектүү эл аралык террордук уюмдардын идеяларын жайылтып, жарандарды ал жакка азгырып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында террордук ишмердүүлүк жүргүзүүгө катыштыгы бар деп издөөдө жүргөн 57 жаштагы М.М.Ф. аттуу чет өлкөлүк кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Кыргызстандын аймагында террордук ишмердүүлүк жүргүзүүгө катыштыгы бар деп издөөдө жүргөн 57 жаштагы М.М.Ф. аттуу чет өлкөлүк кармалды
УКМК анын өлкөгө мыйзамсыз киргенин билдирди.
"М.М.Ф. Кыргызстандын аймагында эл аралык террордук уюмдардын идеяларын жайылтуу менен алектенген. Ошондой эле жарандарды тыюу салынган уюмдарга азгырып келген", — деп жазылган маалыматта.
Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.
УКМК төрагасынын жардамчысымын деп элди алдаган киши кармалды