Эрдоган: Түркия Кара деңиздеги миналарга каршы чара көрүүнү улантат

Мындан бир нече күн мурда Босфор кысыгында калкып жүргөн объектилер эскирген мина экендигин айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кара деңизде калкып жүргөн миналар табылган соң, тагыраагы, азыркы күндө маселе жаралбагандыгын, учурда Анкара тиешелүү чараларды көрүп жаткандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Бул күндөрү көйгөй жаралган жок. Бирок тиешелүү чараларды көрүүнү улантып жатабыз", — деген Эрдоган журналисттерге.
Эске салсак, 26-мартта Босфор кысыгында мина сыяктуу объект калкып жүргөндүгүн басылмалар жазган. Андан көп өтпөй Түркиянын коргонуу министри ал объектинин жок кылынгандыгын кабарлаган. Кысык алгач кемелердин каттамы үчүн жабылып, андан соң ачылган.
Бир нече убакыттан кийин Түркиянын улуттук коргонуу боюнча министри Хулуси Акар анын эскирген мина экендиги аныкталып, тийиштүү командалар жок кылганын кабарлаган.
Буга чейин Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы РФтин атайын операциясы башталгандан кийин Украина аскерлери Одесса, Очаков, Черноморск жана Южный портторунун кире беришине 420дай мина орнотконун билдирген. Аталган кызмат бул миналар суунун агымы менен Босфор куймасына, андан ары Жер Ортолук деңизге агып кетиши ыктымалдыгын билдирген.
ЖМК: Босфордо минага окшош объект табылып, кемелерге жол жабылды