БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Россиялык коомдук пикирди изилдөө борбору (ВЦИОМ) өлкөдө саясатчыларга, мамлекеттик институттарга жана саясий партияларга ишеним кандай экени тууралуу сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады.
Маалыматка ылайык, 21-27-март аралыгында президенттин ишмердүүлүгүн колдогондор сурамжылоого алынгандардын 79 пайызын түздү (өткөн жумага салыштырмалуу +1,1 пайыз). Премьер-министрдин ишмердүүлүгүн 51,8 пайызы (+0,2 пайыз), өкмөттүн ишмердүүлүгүн 52,4 пайызы (+0,8 пайыз) колдой турганы белгилүү болду.
Ал эми саясатчылардын өзү боюнча айта турган болсок, Владимир Путинди колдогондор суралгандардын 81 пайызын түзүп, өткөн жумага салыштырмалуу 0,4 пайызга көтөрүлдү. Михаил Мишустинди сурамжылангандардын 63,1 пайызы (+0,5 пайыз) мыкты деп эсептейт. Рейтинги төмөндөгөндөр дагы бар. Алар: Владимир Жириновский 41,1 пайызга (-4,8 пайыз), Геннадий Зюганов 27,5 пайызга (-1,2 пайыз), Сергей Миронов 27,1 пайызга (-3,5 пайыз) ээ болушту.
Сурамжылоодо ири саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө дагы баа берилди. "Единая Россия" партиясына болгон ишеним -0,8 пайызга азайып, 41 пайызды түздү. Россия Федерациясынын Коммунисттик саясий партиясы 11,2 пайызга (+0,1 пайыз), ЛДПР – 8,5 пайызга (+0,6 пайыз) жетти.