Адис: санкциялар Түштүк Америкада эле он миллиондогон кишини ачка калтырат

Маалыматка караганда, Украина менен Россия биргелешип дүйнөлүк буудай экспортунун дээрлик 30 пайызын түзөт жана дүйнөдөгү маанилүү "дан кампалары" болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Батыш өлкөлөрүнүн Россияга каршы кабыл алган санкциялары дүйнөдөгү ачкачылык көйгөйүн курчутары айтылып келет. Буга эмне себеп болорун РИА Новости агенттигине берген маегинде Россиянын Илимдер академиясынын Латын Америкасы институтунун директору Дмитрий Разумовский түшүндүрүп берди.
Адистин айтымында, буга буудай жана жер семирткич экспорттоодо логистика, эсептешүү боюнча пайда болгон тоскоолдуктар себеп болмокчу.
Маалыматка караганда, Украина менен Россия биргелешип дүйнөлүк буудай экспортунун дээрлик 30 пайызын түзөт жана дүйнөдөгү маанилүү "дан кампалары" болуп саналат. Экөөнүн ортосундагы жаңжалдан улам жеткирүү жагы үзгүлтүккө учурап, дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк баасынын кескин өсүшүнө алып келди.
"Бүгүн Латын Америкасында Украинадагы окуядан улам жакынкы алты айда күтүлүп жаткан азык-түлүк каатчылыгы боюнча талкуу болуп жатат. Мындан улам Батыш дан эгиндерин жана жер семирткичтерди экспорттоо боюнча эбактан бери дүйнөлүк лидерлердин бири болуп келе жаткан Россиянын мүмкүнчүлүктөрүн канчалык бууп салганын түшүнүшү керек", — деди Разумовский.
Ошондой эле ал абалды дүйнөнүн көптөгөн аймактарында, анын ичинде Бразилиядагы кургакчылыктан улам түшүмдүүлүк азайганы курчутуп жатканын кошумчалады.
"Мен Вашингтондо акыл калчап иш кылган жетекчилер табылат деп ишенгим келет. Алар Ак үйдүн санкцияларын токтотуунун жол-жобосун таап, дүйнөнү массалык ачкачылыктан сактап калууга кол кабыш кыларына үмүттөнөм", — деди адис.
Эгер мындай болбой турган болсо, Разумовский билдиргендей, Латын Америкасында эле он миллиондогон киши ачка калмакчы.
Байдендин саясатынан улам АКШда ачкачылык болжолдонууда