Россия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын чыгарууга салган тыюуну алды

Дан азыктарын ЕАЭБ мамлекеттерине чыгаруу үчүн Россиянын Айыл чарба министрлигинин уруксатын алуу зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Россия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын чыгарууга салган тыюуну алды. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Россия өкмөтүнүн токтомуна ылайык, буудай, кара буудай, арпа жана жүгөрүнү экспорттоого уруксат берилди.
Дан азыктарын ЕАЭБ мамлекеттерине чыгаруу үчүн Россиянын Айыл чарба министрлигинин уруксатын алуу зарыл.
Эскерте кетсек, убактылуу тыюу тууралуу 11-мартта белгилүү болгон. Андан соң Кыргызстандын Экономика министрлиги Россия өлкөгө дан азыктарын сатып алууга квота бөлөрүн айткан.
ЕАЭБ мамлекеттерине бир катар товарларды алып кирүү жеңилдеди