Простатит дүйнөдөгү эң кеңири тараган урологиялык оорунун бири. Ал пиелонефрит жана заара жолдорунун таш оорусунан кийинки эле орунда турат. Кыргызстанда 2013-жылы эркектердин ден соолук жумалыгы өткөрүлө баштагандан бери бул илдет менен жабыркагандар көп экени белгилүү болду. Бул тууралуу Болот Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эл аралык классификация боюнча курч простатит, өнөкөт бактериалдык простатит, өнөкөт абактериалдык простатит жана симптомсуз простатит деген төрт түрү бар.
"Простатитти аз кыймылдап бир орунда отуруп иштегендик, суук тийүү, экологиянын бузулушу, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар (хламидия, трихомонада, уреаплазма, микоплазма ж.б.), узакка чейин жыныстык катнашта болбоо, иммунитеттин начарлашы жана стресс шарттайт. Эл аралык классификация боюнча оорунун курч простатит, өнөкөт бактериалдык простатит, өнөкөт абактериалдык простатит жана симптомсуз простатит деген төрт түрү бар. Оору менен жабыркаган эркектин 67 пайызында абактериалдык простатит кездешет. Простатит эч качан өзү айыкпайт. Оорунун алгачкы белгилери байкалган соң дароо дарыгерге кайрылбай жүрө берсе, оорулуунун абалы начарлагандан начарлай берет. Зааранын кармалышы бөйрөк оорусуна жеткириши мүмкүн. Болжол менен эки айдан соң ал өнөкөт простатитке өтүп кетет. Бул учурда адамды оору кыйнабай калышы мүмкүн, бирок андай эмес. Анткени бир күнү оору катуу кармайт. Өнөкөт простатитти дарылап айыктырууга болот, бирок ал көп убакытты талап кылат", — деди Рысбаев.
Ал чаттын айланасында, заара кылуу учурундагы үзгүлтүксүз ооруп, жыныстык катнашка болгон каалоонун төмөндөп, бел суу чыкпай жана заара тамчылап чыгып, ал толугу менен чыкпай калгандай сезим болсо урологго кайрылуу зарыл экенин кошумчалады.