Радио

Касымова: кыска мөөнөттүү бала бакчалар үнөмдүү болот

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова кыска мөөнөттүү бала бакчалар көп чыгаша алып келбей, экономикалык жактан пайдалуу болорун айтты.
Sputnik
Кыска мөөнөттүү балдар бакчалары көбүнесе республиканын алыскы аймактарында, элетте уюштурулат. Ал үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүүгө, жаңы бала бакчанын имаратын курууга зарылчылык жок. Бул тууралуу Нурзида Касымова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыска мөөнөттүү бала бакчаларын түзүүгө жергиликтүү бийлик өз балансындагы же ошол аймактагы пайдаланылбай турган мамлекеттик имаратты долбоорго сунуштайт.
"Акыркы он жылда мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү максатында атайын программалар кабыл алынып, долбоорлор ишке ашып келет. Алсак, учурда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында аймактарда 500 кыска мөөнөттүү жамааттык бала бакчаларды түзүү каралган. Балдарды мектепке даярдоодо бала бакчалардын ролу абдан чоң. Бирок бүгүнкү күндө бардык региондо тиешелүү шарттар каралган эмес. Кырдаалдан чыгуунун оптималдуу варианттарынын бири — кыска мөөнөттүү балдар бакчаларын түзүү. Ал көп чыгаша алып келбей, экономикалык жактан ыңгайлуу. Анткени республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүүгө, жаңы бала бакчанын имаратын курууга зарылчылык жок. Болгону жергиликтүү бийликтин өз балансындагы же ошол аймактагы пайдаланылбай турган мамлекеттик имаратты оңдоп, балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттарды түзүп, заманбап балдар аянтчасын куруп, бала бакча үчүн керектүү жабдыктар менен камсыздайт", — деди Касымова.
Ошондой эле адис салттуу бала бакчадан айырмаланып жамааттык мектепке чейинки мекемеде өспүрүм үч саат болуп, балдардын тамактануусу жана уктоосу каралбагандыгын кошумчалады.