БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда орто мектепти 67 миңден ашык бүтүрүүчү аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-2022-окуу жылында 9-классты 106 219, 11-классты 67 045 окуучу бүтүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрликтен билдиргендей, быйыл бүтүрүүчүлөрдүн саны бир аз көбүрөөк. Мисалы, былтыр 9-классты 104 313, ал эми 11-классты 62 777 окуучу аяктаган.
Эскерте кетсек, быйыл окуу жылы 8-июнда соңуна чыгат.