Рублби же евробу? Кастарын тиккен өлкөлөр россиялык газ үчүн кантип эсептешет

Владимир Путин 23-март күнү Европа биримдиги менен РФке каршы чектөө чараларын киргизүүгө кошулган башка мамлекеттерге жаратылыш газы рубль менен сатыла турганын жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. РИА Новости газга болгон төлөм кандай жүргүзүлөрүн түшүндүрдү.
Россиянын президенти Владимир Путин 23-март күнү Европа биримдиги менен РФке каршы чектөө чараларын киргизүүгө кошулган башка мамлекеттерге жаратылыш газы рубль менен сатыла турганын жарыялаган. Бейшемби күнү президент тийиштүү жарлыкка кол коюп, кастык мамиледеги мамлекеттер 1-апрелден тарта газ үчүн рубль менен эсептешпей турган болсо, Россия келишимдеги милдеттер аткарылган жок деп кабыл аларын белгилеген.

Газга болгон төлөм кандай жүргүзүлөт

"Газпромбанк" төлөмдөрдү кабыл ала турчу ыйгарым укуктуу банк катары аныкталган.
Жеткирилген газ үчүн банк (арыздын негизинде) чет элдик сатып алуучуларга атайын рублдик жана валюталык эсептерди ачып берет.
Сатып алуучулар "Газпромбанктын" атайын валюталык эсебине валюта которуп турат. Банк валютаны андан ары Москва биржасында сатып, түшкөн рублди рублдик эсепке которот. Кийин рубль жеткирүүчүлөргө берилет.
Путин Батыш өлкөлөрүнө газ сатуу тартиби боюнча жарлыкка кол койду