Радио

Сагынбаев: балдарга уя салуу үйрөтүлбөй калды

Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейдин жетекчиси Сейитказы Сагынбаев өлкөдө жалпысынан канаттуулардын 400дөн ашуун түрү болсо, анын 40ы жапайы жырткыч канаттуулар экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстанды байырлаган жырткыч канаттуулардын 22 түрү Кызыл китепке кирген. Бул тууралуу Сейитказы Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адамдарды караан тутуп жашаган канаттууларга уялар туура эмес жасалып жатат.
"Азыр биздин коом канаттуулар дүйнөсүнө аяр мамиле кылганды унутуп баратат. Илгери ата-бабаларыбыз жапайы жырткыч куштарды ийри тумшуктуулар деп тийген эмес. Аларга абдан аяр мамиле кылышкан. Мунун жөнү бар, анткени жору сыяктуу жырткыч куштар 4-5 жылда бир даана жумуртка тууйт. Ошого карабай уясынан балапан кезинде алып, туризм же башка тармактарда акча табуу максатында колдонуп жатышат. Күзүндө учуруп жиберебиз дешет, бирок жапайы канаттуу андан ары тамагын таап жеп, жашап кете албай калат. Муну тыйган мыйзам дагы бар, тилекке каршы, сакталбай жатат. Учурда жырткыч куштар эмес шаарда, айылдарда жашаган канаттууларга да кайдыгер мамиле жасалууда. Советтер Союзу маалында мектеп окуучуларына кол эмгек сабагынан уяны туура жасоо үйрөтүлчү. Азыр шаарларда муниципалитет өзү жасап илип коюуда, бирок алардын оозу ылдый жайгашып, чоң, туура эмес жасалууда. Бул сагызган, мышыктын уяга батып кирип кетишине же темир ооз балапандардын кулап калышына алып келүүдө. Уя жасаарда оозун тар, бийигирээк кылып өзүнүн стандарттарын сакташ керек", — деди Сагынбаев.
Ал коомчулукту канаттууларга аяр мамиле кылууга чакырды.
Кошумчалай кетсек, 1926-жылдан бери 1-апрель — Канаттуулардын эл аралык күнү катары белгиленет.