ИИМ аймактык тескөөчүлөрүнө жаӊы үлгүдөгү формаларды берди. Сүрөт

Жаңы үлгүдөгү форманы алгач Ош шаарындагы милиционерлер кийип кызмат өтөөдө.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (аймактык тескөөчүлөр) жаӊы атайын формалар менен камсыз боло баштады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (аймактык тескөөчүлөр) жаӊы атайын формалар менен камсыз боло баштады

2 / 2

Кечээ Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алгачкылардан болуп форманы кийип, сапка тизилишкен

Кечээ Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алгачкылардан болуп форманы кийип, сапка тизилишкен.
Шаардык милициянын башчысы Акылбек Мамасейитов мындай кадамдар министрлик жүргүзүп жаткан реформанын алкагында жасалып жатканын айтты.
"Мындан сырткары, жакынкы күндөрү ар бир милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү атайын планшет жана видеокамералар менен камсыз болот", — деген Мамасейитов.
Ушундай эле жаңы үлгүдөгү формалар жашы жете электер менен иштеген инспекторлорго да берилмей болгон.
ИИМ өлкө боюнча 136 видеокамера орнотуп, 2 миңге чукул кылмышты аныктаган