Кыргызстандын футбол боюнча командасы FIFA рейтингинде бир сапка көтөрүлдү

Азиялык футбол конфедерациясынын рейтингинде ата мекендик команда 15-орунда турат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде 95-орунга чыкты.
Февралдагы көрсөткүчкө караганда, улуттук команда бир сапка көтөрүлдү.
Марттагы рейтинг уюмдун расмий сайтына Өзбекстанда өткөн эл аралык Navruz Cup турниринин жыйынтыгы боюнча чыгарылды.
Кыргызстандын командасы Наманганда эки оюн өткөрүп, Өзбекстан (1:3) менен Тажикстанга (0:1) жеңилип калган.
Азиялык футбол конфедерациясынын рейтингинде ата мекендик команда 15-орунда турат.
Пресс-борбор
Кыргызстанда кыз-келиндер футболу канткенде өнүгөт? Машыктыруучунун сунушу