Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эксперт: РФ нефть базасына жасалган Украина чабуулуна НАТО өлкөлөрү катышты. Видео

"Арсенал Отечества" журналынын редакторунун орун басары, аскерий эксперт Дмитрий Дрозденко Белгород шаарына жасаган Украина чабуулуна НАТОнун өлкөлөрү катышты деген пикирин айтты.
Sputnik
Бүгүн Белгород шаарына украиналык эки тик учак чабуул жасап, өтө бийик эмес аралыкта учуп Россиянын аба айдыңына кирип келген.
Аскерий эксперт бул кантип болуп кеткендигин жана ПВО системасы тик учактарды кантип каттабай калгандыгы боюнча өзүнүн пикирин билдирди.
Дрозденко, андан тышкары, келечекте Россиянын мындай нерселерди болтурбоо жолдорун жана украиналык чагымчылдыкка кантип жооп берүү боюнча да айтты.