Дмитрий Медведев: азык-түлүктү дос өлкөлөргө гана беребиз

Эске салсак, Кыргызстан Россиядан буудай, өсүмдүк майы жана кумшекер сыяктуу бир катар маанилүү азыктарды сатып алат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр.— Sputnik. Россия азык-түлүктү дос өлкөлөргө гана жеткирет. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев өзүнүн Telegram-каналына жазды.
Ал бала кезинде СССР Канададан буудайды долларга сатып алганын эске салды. Бүгүнкү күндө абал башкача, Россия дан эгиндеринин ири өндүрүүчүсү (Индия жана Кытай менен катар) жана экспорттоочусу.
"Көптөгөн өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугу бизге жараша болот. Көрсө, азык-түлүк биздин "үнсүз" куралыбыз экен. Белгилей кетсек, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын экспорту 37 миллиард доллардан ашкан", — деди Медведев.
Батыш өлкөлөрү киргизген жалпы санкцияларды эске алуу менен ал Россиянын азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу бир нече маанилүү пунктуларды белгиледи:
Биринчи. Россиянын азык-түлүгү ички керектөөбүздү толук канааттандырууга жетиштүү;
Экинчи. Азык-түлүк менен камсыздоодо Россиянын ички рыногуна артыкчылык берилет;
Үчүнчү. Биз тамак-ашты дос өлкөлөргө гана жеткиребиз, бактыга жараша, бизде дос көп. Рублге да, алардын улуттук валютасына да сатабыз.
Төртүнчү. Душмандарга азык-түлүк жана айыл чарба продуктыларын бербейбиз. Өзүбүз дагы алардан эч нерсе сатып албайбыз.
"Эртең мененки тамакты өзүбүз жейбиз. Балким, түшкү тамакты достор менен бөлүшөрбүз. Бирок кечки тамакты душманга бербейбиз", — деди Медведев.
Эске салсак, Кыргызстан Россиядан буудай, өсүмдүк майы жана кумшекер сыяктуу бир катар маанилүү азыктарды сатып алат.
Россия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын чыгарууга салган тыюуну алды