Чүйдө үрөй учурган жол кырсыгында эки киши мүрт кетти. Сүрөт

ӨКМдин маалыматында, Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай даракты сүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Чүйдө жол кырсыгынан эки киши мүрт кетип, дагы алты адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Чүйдө жол кырсыгынан эки киши мүрт кетип, дагы алты адам жаракат алды

2 / 2

Каргаша 31-март күнү Москва районунун Төлөк айылында катталган

Каргаша 31-март күнү Москва районунун Төлөк айылында катталган. Куткаруучуларга Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, даракты сүзгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Каза болгон эркек баланын бирөө 19 жаштагы К.Б. экени айтылды. Көз жумган экинчи эркек кишинин аты-жөнү такталууда.
Кырсыктын кесепетинен жаракат алгандардын төртөө эркек кишилер. Экөө 20 жаштагы И.Б. жана А.У. болсо, калган эки эркек баланын аты-жөнү такталууда. Жабыркаган эки кыз 17 жаштагы А.Ж. жана 19 жаштагы Ж.Э.
Жерине беш куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркагандар Тез жардам кызматы менен Москва райондук ооруканага жеткирилди.
Чүйдө эки өспүрүмдү кагып качып кетти делген айдоочу кармалды. Сүрөт