БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында район аралык соттордун чечими менен Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча тынч митингдерди, акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул туурасында Шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
"Биринчи май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондук соттор мэриянын райондук муниципалдык администрацияларынын Россия — Украина чатагы боюнча тынч митингдерди, митингдерди жана акцияларды өткөрүүгө убактылуу,тагыраагы, быйылкы жылдын 1-апрелинен 1-июлуна чейин тыюу салган чечимин мыйзамдуу деп тааныды", — деп айтылган маалыматта.
Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды "Ала-Тоо" аянтында өткөрүү буга кирбей тургандыгы белгиленди.
Бишкек шаардык милициясы борбордун жашоочулары менен конокторун сот органдарынын чечимдерин бузбоого жана мыйзамды сактоого чакырды.