Эмдөө сертификаттары, Бабур театры. Ариповдун сапарында кол коюлган документтер

Отурумга Кыргызстандын министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ош шаарында өткөн Кыргызстан президентинин чек арага жакын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин IV кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Тизмеси:
Кыргызстандын президентинин чектеш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин IV кеңешмесинин протоколу;
Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана Өзбекстан өкмөтүнүн ортосунда Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкциялоо жана жабдуу боюнча иштерди Өзбекстан тарабынан жүргүзүү тууралуу келишим;
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда COVID-19 инфекциясына каршы эмдөө сертификаттарын өз ара таануу жөнүндө ноталар менен алмашуу.
Кыргызстан менен Өзбекстандын премьерлери Баткендеги мектепти ачышты. Сүрөт