БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Улуу Британиянын жашоочулары Россияга каршы санкциялардан улам жабыр тартып жатканын айтып, өкмөткө нааразы болууда. Бул тууралуу жергиликтүү Daily Mail басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Өлкөнүн Бюджеттик жоопкерчилик боюнча кеңсеси (Office for Budget Responsibility) кабарлагандай, каржы канцлери Риши Сунак тарабынан демилгеленген салыктарды кыскартуу сыяктуу аракеттер эч кандай жыйынтык бербей жатат. Тагыраагы, британ жарандарынын жашоо деңгээли төмөндөөдө.
Адистердин айтканына караганда, 20-кылымдын ортосунан бери мамлекетте мынчалык артка кетүү болгон эмес.
Ошондой эле басылма окурмандардын нааразы сөздөрүн да жарыялады.
"Кедейлерге эмес, байларга салык салгыла! Ачууланып турган өлкө бир күнү акыры жарылат, ишенип койгула!" — деп жазды Purple Hexagon.
"Мунай жана газ өнөр жайын улутташтырып, энергияны экспорттоону токтотууга убакыт келди", — дейт cidermeup аттуу окурман.
Ал эми Snowbird56 аттуу колдонуучу: "Май талканда жашаган аткаминерлерден башкабыз бүгүнкү кыйынчылыкты жон терибиз менен сезип жатабыз", — деген пикир калтырган.
Нааразы болгондордун бири madmacca_5: "Бир колу менен берип, экинчи колу менен алышат... Бийлик реалдуулуктан ушунчалык алыстап кеткен дейсиң, алардын ою боюнча жакында эс алуу үчүн Айга каттап калабыз", — деп жазды.
Россиянын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан кийин көптөгөн Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Улуу Британия дагы банк секторунда жана жогорку технологиялык продукцияларды жеткирүүдө Москвага каршы масштабдуу санкцияларды жарыялаган. Ошондой эле бир катар бренддер өлкөдө ишин токтоткон.
Лондон 2022-жылдын аягына чейин Россиядан мунай жана мунай продуктуларын импорттоону токтоторун жарыялады. Мунун натыйжасында Улуу Британияда бензиндин баасы кескин жогорулап, рекорддук көрсөткүчкө жетти.