Улуттук банк дагы 14,5 млн. доллар сатып алды

Кечээ төрт жылдан бери биринчи жолу 5,4 миллион сатып алып, корун толуктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар.— Sputnik. Улуттук банк доллар сатып алуу боюнча эки күндөн бери валюталык интервенция жүргүзүүдө. Бул тууралуу каржы мекемесинин сайтында жазылган.
Бүгүн Улуттук банк валюта курсун жөнгө салуу үчүн 14,5 миллион доллар сатып алган. Кечээ төрт жылдан бери биринчи жолу 5,4 миллион сатып алып, корун толуктады.
Өлкөнүн башкы банкы ички валюта рыногуна талаптарды коюп, курстун тенденциясын аныктай албай турганын белгилеген. Мекеме валюта баасынын кескин өзгөрүүсүн жеңилдетүү максатын гана көздөйт.
24-февралдан бери Кыргызстанда доллардын курсу 10 сомго чейин жогорулап, 95 сомго жеткен. Кийин АКШ акчасынын курсу түшүп, кайра 107 сомго көтөрүлүп кеткен. Акыркы күндөрү доллар кыйла арзандай баштады. Бул маалымат чыгар алдында долларды сатып алуу курсу 80,62, сатуу 82,35 сомду көрсөтүп жаткан.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Өкмөт Улуттук банк көргөн пайданын 90%ын бюджетке алууну көздөп жатат