Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина коопсуздук кепилдиги: АКШ баш тартты, Германия макул, Британия шарт койду

Буга чейин РФ менен сүйлөшүүлөр учурунда украиналык делегациянын мүчөсү Давид Арахамия Киевдин Украина боюнча коопсуздуктун жаңы системасын сунуштап жаткандыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. АКШ Украинага коопсуздук боюнча кепилдик берүү жаатында азырынча конкреттүү эч нерсе айта албайт. Бул туурасында Ак үйдүн коммуникация боюнча директору Кейт Бедингфилд журналисттерге маалымдагандыгын РИА Новости жазды.
"Украина менен алардын коопсуздук кепилдигин жана көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча ар дайым байланышта болуп жатабыз. Анткен менен Украинага коопсуздук кепилдигин берүү мүмкүнчүлүгү боюнча  конкреттүү бир нерсе айтууга азырынча даяр эмеспиз", — деген Бедингфилд брифинг учурунда.
Буга чейин РФ менен сүйлөшүүлөр учурунда украиналык делегациянын мүчөсү Давид Арахамия Киев Украина боюнча коопсуздуктун жаңы системасын сунуштап жаткандыгын билдирген. Анын айтымына караганда, Киев коопсуздук боюнча кепилдик катары БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн, андан сырткары, Түркияны, Германияны, Канаданы, Италияны, Польшаны жана Израилди көрүп жаткандыгын айткан.
Алардын ичинен Германия Украинага коопсуздук кепилдигин берүүгө даяр экендигин билдирген. Бул туурасында ФГР ТИМдин жетекчиси Анналена Бербок расмий жар салганын DPA жазды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мединский: деэскалация атышууну токтотуу дегенди түшүндүрбөйт
Андан мурдараак аталган мамлекеттин министрлер кабинетинин расмий өкүлү Штеффен Хебештрайт канцлер Олаф Шольц Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшүп, Германия кепилдик болууга принципиалдуу түрдө даяр экени боюнча ишарат кылган.
"Эгерде кепилдик талап кылынса, анда Германия буга катышат жана аны жасайт", — деген Бербок.
Ал Германия Украина менен "100 пайыз тилектеш" экендигин айткан. Министр муну менен катар РФ менен Украинанын Стамбул сүйлөшүүсү жакында чегине жеткендигин башкача интерпретация кылбоо керек деген пикирин билдирген. Россия коопсуздук кепилдиги менен нейтралитетти Батыштагыдай эмес, башкача өңүттө түшүнөт деп кошумчалаган.
Аталган маселе боюнча үн каткан дагы бир тарап Улуу Британия болду. Алардын вице-премьери Доминик Рааб НАТО өлкөлөрүнө берилген милдеттенмелердегидей кылып, аталган мамлекет кепилдикти бир тараптуу бербестигин айтты.
Анын айтымына таянсак, Украина аскердик колдоосун улантат. Анткен менен Лондон РФ менен аскердик бир конфронтацияга кирбей тургандыгын айтты.
"Биз (Украина боюнча) НАТО мүчөлөрүнө каралчу кепилдикти бере албайбыз", — деген Рааб.
Белгилей кетсек, сүйлөшүүлөр 29-мартта Стамбулда өттү. Россиялык делегацияны мурдагыдай эле Владимир Мединский жетектеп барды. Буга чейин ал Москва Киев менен мунасага келүү үчүн кадам жасай турганын айткан.
Мединский биринчи кадам Киев менен Чернигов шаарларында акырындык менен аскердик деэскалациялоого тийиштүү экенин билдирди. Бул атышууну токтотуу эмес, жаңжалды деэскалациялоо боюнча жок дегенде ушул эки багытта аракет кылуу дегендигин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялыктар арасында Украинадагы атайын операцияны колдогондор көбөйдү