Сергей Лавров: НАТО аскерлери Борбор Азияга жайгашпашы керек

Лавровдун айтымында, НАТО аскерлеринин Борбор Азияга жайгашышы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун уставдык документтериндеги милдеттемелерге карама-каршы келет.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Россия АКШ менен НАТОнун аскердик инфраструктурасын Борбор Азияга жайгаштырууга ар дайым каршы. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Афганистанга кошуна мамлекеттердин ТИМ жетекчилеринин конференциясындагы сөзүнө таянып РИА Новости кабарлады.
"Биз буга чейин айткандай, АКШ менен НАТОнун кандайдыр бир аскердик инфраструктурасын же аларга кызмат кылган афганистандыктардын коңшу мамлекеттердин аймагына, биринчи кезекте Борбор Азияга жайгаштырылышына каршыбыз", — деди Лавров.
Анын айтымында, мындай пландар аймактын коопсуздугуна шек жаратып, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун уставдык документтериндеги милдеттемелерге карама-каршы келет.
РФ жана Кытайдын ТИМ башчылары Батыш санкцияларынын майнапсыздыгын белгилешти