БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы бүгүн, 31-мартта, бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктай турганын эскертти.
Салык органдары декларацияны түнкү саат 00:00гө чейин кабыл алышат.
Жеке тараптар декларацияны кагаз жүзүндө же электрондук түрдө тапшырса, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана ишкерлер электрондук түрдө гана тапшыра алышат.
Декларацияны милдеттүү тапшырчулар:
мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,
жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер;
салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери;
юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.