Эл аралык валюта фонду: Россияга каршы санкциялар доллардын доорун кыскартат

Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш Россияга каршы санкциялык кысымын күчөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Батыш өлкөлөрүнүн Россияга каршы жарыялаган санкциялары акырындык менен долларды алсыратып, эл аралык валюта системасын бытыранды кылып коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директорунун биринчи орун басары Гита Гопинат Financial Times гезитине берген маегинде билдирди.
"Доллар азыркы шартта деле дүйнөлүк валюта бойдон кала берет, бирок азыркыдан төмөн деңгээлде болушу мүмкүн. Айрым өлкөлөр соода үчүн кайсы валютаны тандай турганын ойлонуп жатышат. Дүйнөлүк соодада башка валюталар менен операциялардын санынын өсүшү улуттук банктардын резервиндеги валюталардын көп түрдүү болушуна алып келет. Бирок доллар акырындык менен арзандайт", — деди адис.
Гопинат ошондой эле санариптик акчалар менен криптовалюталардын өсүшүнө көңүл бурду.
Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш Россияга каршы санкциялык кысымын күчөттү. Чектөө чаралары биринчи кезекте банк секторуна жана жогорку технологиялык продукцияларды жеткирүүгө каршы багытталган. Көптөгөн өлкөлөр Россиянын активдери тоңдурулганын жарыялашты.
Буга жооп катары Россиянын президенти Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнө газ үчүн төлөмдөр рублга которуларын жарыялап, Борбордук банк менен өкмөткө мындай транзакциялардын тартибин аныктоону тапшырган. Ошол эле учурда ал Россия өзүнүн аброюн жогору койгондуктан, буга чейин түзүлгөн келишимдерди ошол бойдон так аткарарын кошумчалаган.
ЖМК: АКШ Россиянын жер семирткичин ташууга киргизген санкциясын алды