БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Санкциялык режим Россиянын финансылык секторуна катуу сокку урду. Бирок РФ бийлиги Батыштын банк системаларынан (Visa жана Mastercard) көз карандылыкты азайтууга жетишти. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазды.
Nilson Report басылмасынын маалыматына караганда, 2020-жылдын соңунда Россияда 197 миллион Visa менен Mastercard колдонууда болгон. Алар бүгүн деле колдонулуп жатат. Себеби россиялык карталар мындан ары америкалык төлөм системасынан көз каранды эмес жана Борбордук банк көзөмөлдөгөн жеке системасын пайдаланып жатканы макалада белгиленген.
"Россия Крымды анексиялагандан кийин Батыштын финансылык системаларынан көз карандылыкты азайтуу үчүн төлөм карталарынын улуттук системасын (сегиз жыл мурда) түзгөн. Учурда Россияда "Мир" деген жергиликтүү төлөм системасынын банктык карталары активдүү түрдө жайылтылып жатат. Мындай карталардын саны 100 миллионго жетти", — деп жазды басылма.
Россиялык төлөм системасынын туруктуулугу — президент Владимир Путиндин Батыш менен болгон финансылык согуштун алкагындагы көптөгөн жетишкендиктеринин бири.
"Биз төлөм сферасындагы коопсуздукту бекемдедик. "Мир" картасына болгон суроо-талап болуп көрбөгөндөй жогору", — деп басылмага РФ Улуттук төлөм кеңешинин жетекчиси Алма Обаева билдирген.
Россиянын төлөм системасын колдонууга мүмкүнчүлүк берген мамлекеттердин саны чектелүү. Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, Кремль бул системаны Венесуэла менен Иран аркылуу кеңейтүүнү каалап жатат.
Россиялыктарга чет өлкөдөн накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү оор болгондуктан өлкөдөн капиталдын чыгышы кыскарганын басылма белгиледи.