Россия Евробиримдиктин жогорку жетекчилигинин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды

Тизмеде Россияга каршы саясат жүргүзүп жаткан бир катар еврокомиссарлар, Евробиримдиктин аскердик түзүмүнүн начальниктери жана Европа парламентинин депутаттары бар.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар.— Sputnik. Россия жооп иретинде Евробиримдиктин жогорку жетекчилигин "кара тизмеге" киргизди. Бул тууралуу ТИМдин маалыматына таянып РИА Новости кабарлады.

"Чектөөлөр Европа биримдигинин жогорку жетекчилигине киргизилди. Алардын арасында Россияга каршы саясат жүргүзүп жаткан бир катар еврокомиссарлар, Евробиримдиктин аскердик түзүмүнүн начальниктери жана Европа парламентинин көпчүлүк депутаттары бар", — деп жазылат маалыматта.

Мындай чаралар орус тилдүү калктын укугу жана эркиндигин бузуп, Россияга каршы мыйзамсыз санкцияларды жайылтууга жоопкерчилик алган Евробиримдикке мүчө айрым мамлекеттердин өкмөт жана парламент өкүлдөрүнө да тиешелүү экени кошумчаланды.
Россия Украинада атайын операциясын баштагандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы бир топ санкцияларды жарыялашты. Мындай санкциялар Россиянын жетекчилигинин дээрлик баарына тиешелүү.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
WSJ: Россия өзүнүн төлөм системасын түзүп, санкцияларды кыйгап өттү