Султан Раев ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп дайындалды

Раев 2020-жылдан бери башкы катчынын орун басары болуп иштеп келе жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин чечими менен Султан Раев ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп бекитилди. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
Бул эл аралык уюмду буга дейре Азербайжандын белгилүү искусство ишмери, атактуу ырчы Полад Бюль-Бюль оглы, Казакстандын маданий жана коомдук ишмери Дюсен Касеинов жетектеп келген. Жазуучу, драматург, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Раев 2020-жылдан бери башкы катчынын орун басары болуп иштеп жаткан.
Эл аралык Түрк маданияты уюмуна (ТҮРКСОЙ) Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркия мүчө.
ТҮРКСОЙ түрк тилдүү элдердин маданий-тарыхый мурасын жана жалпы рухий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде сактоо, иликтөө жана жайылтуу ишин алып барат.
2022-жыл Түрк дүйнөсүндө "Токтоболот Абдымомунов жылы" деп жарыяланды