Путин Батыш өлкөлөрүнө газ сатуу тартиби боюнча жарлыкка кол койду

Путин Батыш өлкөлөрү төлөөнүн жаңы шарттарын аткарбаса, газды жеткирүү боюнча азыркы келишимдер токтотуларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар.— Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнө газ сатуунун жаңы тартиби тууралуу жарлыкка кол койгонун билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биз мындай өлкөлөрдүн контрагенттерине түшүнүктүү жана ачык-айкын схеманы сунуштап жатабыз. Россиянын жаратылыш газын алыш үчүн алар биздин өлкөнүн банктарынан рубль менен эсеп ачышы керек. Дал ушул эсептер менен газга акы төлөшөт",— деген Путин.

Ал Батыш өлкөлөрү төлөөнүн жаңы шарттарын аткарбаса, газды жеткирүү боюнча азыркы келишимдер токтотуларын белгилеген.
Буга чейин РФ президенти өкмөт, Борбордук банк жана "Газпром" ишканасына 31-мартка чейин Батышка газ үчүн төлөмдөрдү төлөөдө валютаны алмаштырууну тапшырган. Германиянын экономика министри Роберт Хабек "Чоң жетилик" буга макул болбой турганын айткан.
Кремль өкүлү Дмитрий Песков болсо Россия кайрымдуулук менен алектенбей турганын белгилеп, эгер газдын акысы рубль менен төлөнбөсө, Европага газ берилбей турганын кошумчалаган.
Германиялык министр: G7 мамлекеттери газды рубль менен сатып алуудан баш тартууда