Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Медведев: Польша Украинанын аймагына көз артып жатканын жашырууда

Медведев Польшанын телеберүүлөрү уялбастан эле Украинанын бөлүнүп калган картасын көрсөтүп жатышканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Варшава Украинанын аймагына көз артып жатат. Өзүнүн нагыз максатын жашыруу үчүн Польша антироссиялык саясатты колдонууда. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Sputnik Polska үчүн жазган макаласында айткан.
"Варшава Украинанын жерине көз артып жатканы анык. Польшанын телеберүүлөрү уялбастан эле бул өлкөнүн бөлүнүп калган картасын көрсөтүп жатышат. Анда Украинанын батыш облустары Польшанын курамына кирип калган", — деп жазды Медведев.
Анын айтымында, Польша муну мыйзамдуу жол менен ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнүп турат.
"Мындан улам Варшава антироссиялык риториканы колдонуп жатат", — деди Коопсуздук кеңештин төрагасынын орун басары.
Ал ошондой эле Польшанын элитасы кылымдардан бери бардык жамандыктарга Россияны айыптап келгенин эскертип, бул өлкө Украинанын эсебинен Европанын чарбасындагы өзүнүн кадыр-баркын көтөрүп алгысы келип жатканын белгиледи.
"Курал жана каражат менен жардам беребиз деп ант беришүүдө. Бирок убада менен иштин айырмасы чоң. Учурда Польшанын бийлиги оор абалда", — деди ал.
Медведев Украинадан келген адамдарды поляктар кучак жайып тосуп албаганын кошумчалаган.
WSJ: Россия өзүнүн төлөм системасын түзүп, санкцияларды кыйгап өттү