Милиция: Ошто диний экстремисттик кыймылдын лидери кармалды

Анын үйүн тинтүү учурунда диний экстремисттик маанидеги материалдар табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Араван районунда "Йакын-Инкар" диний экстремисттик кыймылынын лидери кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБ билдирди.
1 / 2

Араван районунда "Йакын-Инкар" диний экстремисттик кыймылынын лидери кармалды

2 / 2

Маалыматка караганда, облустун аймагында "экстремист" аталышындагы рейд жүрүп, анын алкагында Араван районунун 53 жаштагы Т. М. аттуу тургуну кармалган

Маалыматка караганда, облустун аймагында "экстремист" аталышындагы рейд жүрүп, анын алкагында Араван районунун 53 жаштагы Т. М. аттуу тургуну кармалган.
"Шектүү Кыргызстандын аймагында үгүт жана пропаганда иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний экстремисттик агымынын идеологияларын жайылтып жүргөнү аныкталды. Анын үйүн тинтүү учурунда диний экстремисттик маанидеги материалдар табылган", — деп айтылат маалыматта.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси боюнча иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.
УКМК: "Хизб ут-Тахрир" уюмуна Кыргызстанда лидерлик кылган чет элдик кармалды. Сүрөт