Нигерия футболчуларынын фанаттары уюштурган башаламандык. Видео

Нигерияда жаалданган күйөрмандар өздөрүнүн командасы Гана футболисттерине утулуп, 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына чыкпай калгандан кийин стадионду талкалап, башаламандык кылышкан.
Sputnik
Кечээ Нигериянын курама командасы Ганага Катарда өтө турган 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына катышуу үчүн таймашта жеңилип калган. Биринчи оюн 1:1, ал эми экинчи оюн (эсеп 0:0) тең чыгуу менен аяктап, Гана дүйнөлүк биринчиликке катышууга мүмкүнчүлүк алган.
Ошентип Нигерия командасы 2006-жылдан тарта биринчи ирет Футбол боюнча дүйнө чемпионатына катыша албай калды.
Таймаштан кийин Нигерянын курама командасынын күйөрмандары стадиондо башаламандык уюштурган. Жүздөгөн адам трибунаны көздөй агылып, жолунан кез келген нерсесин тээп, чаап, талкалай баштаган. Тартип коргоочулар көздөн жаш агызуучу газ колдонууга аргасыз болушкан.