Бишкек шаарынын казысы Шакир Маматов болду

Тиешелүү буйрукка муфтий Замир кары Ракиев кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Шакир Маматов дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка муфтий Замир кары Ракиев кол койгон.
Ракиев Маматовду казыяттын эмгек жамааты менен тааныштырып, ишине ийгилик каалаган.
Буга чейин Бишкек шаарынын казысы болуп Самидин Атабаев иштеп келген, анын кызматтан кеткен себебин муфтият түшүндүргөн жок.
Муфтият 2022-жылдагы битир-садаганын өлчөмүн бекитти