Министр Алымкадыр Бейшеналиев элдин колдоосуна муктаж экенин айтып чыкты

Министр сот жана көзөмөл органдары муниципалдык имаратты бошотпой жаткан дарыгер Алмаз Исманкулов тарапта болуп жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коомчулуктун колдоосуна муктаж экенин билдирип, көзөмөл жана сот органдарынын аракеттерине нааразычылыгын билдирди. Саламаттык сактоо министрлиги анын кайрылуусун таратты.
"Саламаттык сактоо тармагын түп тамыры менен монополиялаштырып алгандар системаны реформалоого караманча каршы чыгып жатышат. Ал эми көзөмөл жана сот органдары калктын ден соолугуна кедергисин тийгизчү маселеге келгенде адилетсиздигин көрсөтүүдө. Мындан улам мен, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, коомчулуктун колдоосуна муктаж болуп жатканымды расмий түрдө жарыялайм", — деп айтылган маалыматта.
Бейшеналиевдин айтымында, министрлик COVID-19 апаатынан калкты куткарууда саламаттык сактоо системасы канчалык деңгээлде жан кейитээрлик абалга түшүп калганын жон териси менен сезди. Коронавирустун "стелс-омикрон" сыяктуу жаңы штаммдары эпидемиологиялык абалды курчутуп жибериши мүмкүндүгүн айткан.
"Мындай коркунучтарга Саламаттык сактоо министрлиги даяр турушу керек. Анткени "Доктор Исманкуловдун клиникасы" сыяктуу монополиялык мекемелер апааттан элди куткара албайт!" — деген Бейшеналиев.
Кайрылууда министрлик бир гана коронавирус эмес, эл арасында өнөкөт көйгөйгө айланган жүрөк-кан тамыр ооруларын, неврологиялык дарттарды дарылоочу заманбап бейтапканаларды түзүүгө ынтызар экенин белгилеген.
"Буларды көзөмөл жана сот органдары адилеттүү чечимдери менен колдоонун ордуна, тескерисинче, нигилизм тарапты жактоодо. Көз доктур Исманкулов мэриянын чечимдерин тоготпой, саламаттык сактоо тармагына таандык болгон мекемени бошотпой жатат. Аны бул маселеде сот жана көзөмөл органдары колдоп жатканы таң калычтуу. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги жалпы элдин ден соолугу үчүн баалуу болгон убактысын коротуп жатат. Ар бир мүнөт, секунд мен баштаган реформаны ишке ашырууда маанилүү", — деген министр.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №2 көп тармактуу клиникалык ооруканага барып, жеке клиниканын өкүлдөрүнөн жакын арада чыгып кетүүнү талап кылган. Бейшеналиевди ал жакта иштегендер Исманкулов менен телефон аркылуу байланыштырганда министр көз дарыгерин "лопух" деп кекетип, Исманкуловду жакын арада клиникадан чыгарарын айткан. Министрлик ушул жумада оорукананын сыртын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп баштаган.
Мен үчүн иш маанилүү! Министр Бейшеналиев аны сындап жаткандарга жооп берди