Министрлик медициналык 7 окуу жайдын маанилүү документин жокко чыгармай болду

Менчик медициналык ЖОЖдордун клиникалык базасын анализдөөнүн жыйынтыгында 17 окуу жайдын ичинен сегизинде гана студенттерге практика өтүүгө шарт түзүлгөнү белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар.— Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги медициналык жети окуу жайдын №6 формасын (клиникалык базасы жана медициналык жабдуулары тууралуу документ) жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
"Менчик медициналык ЖОЖдордун клиникалык базасын анализдөөнүн жыйынтыгында 17 окуу жайдын ичинен сегизинде гана студенттерге практика өтүүгө шарт түзүлгөнү белгилүү болду. Калган тогуз билим берүү жайында шарт анча эмес болсо, кээ биринин бул талапка таптакыр жооп бербей турганы аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
№6 формасы жокко чыга турган окуу жайлар:
Ош эл аралык медициналык университети;
Кыргыз медико-стоматологиялык институт;
"Роэль Метрополитен университети";
"Авиценна" эл аралык медициналык институту;
"АВС" академиясы;
Бишкек эл аралык медициналык институт;
Медицина жана илим эл аралык университети.
Мындан тышкары, аталган жети окуу жайга жана №6 формасын албаган Бишкек финансы-экономикалык академиясынын алдындагы "Адам", ошондой эле Илим жана бизнес эл аралык университеттери боюнча чечим кабыл алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигине билдирме даярдалганы кошумчаланды.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев элдин колдоосуна муктаж экенин айтып чыкты