Россиялык позицияны европалыктар жай, бирок акырындап түшүнүп барат. Таасирдүү IFOP институту жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына таянсак, Франциянын тургундарынын жарымынан көбү атайын операция жүргүзүүдө Россия келтирген жүйөлөрдүн жок дегенде бирине ынанат. Азыркы кырдаалда Франциянын кадамдарына Елена Караева баам салган.
Жакынкы Чыгыш боюнча адис, мурдагы кадрдык чалгындоочу, ал эми бүгүнкү күндө абройлуу саясат таануучу Эрик Дэнэс жалпы европалык каатчылыктын курчушу тууралуу: "Зеленскийдин өкмөтү өзү ушундай жагдайды козгоп алды", – деди.
Бир ай мурун эле азыркы кырдаалдан улам Европада экономика төмөндөп кетери тууралуу кеп кылып жатышкан болсо, азыр кыраакы технократтар континенттин экономикасы көзөмөлдөн чыккан абалга кептелерин айтышууда. Ал эми каатчылыктын масштабы Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин башынан кечирген кездегидей болорун болжошот.
Макрон мындан кабардарбы? Кантип билбей калсын. Санкциялардын кесепети айланып келип өздөрүнө тийип, Европа биримдигинин бюджеттик саясатынын быт-чыты чыгып баратканын ал түшүнбөй койбойт. Франция бийлиги энергетикалык ресурстардын баасы кымбаттабаган күндө деле калкынын турмушу начарлап баратканын көрбөй калбайт.
Албетте, басма сөз үчүн "адам укуктарын коргоо" керектиги жөнүндө билдирүүлөр жасалып, гуманитардык коридорлорду жаратууга кепилдик берүүгө чакырышат. Француз лидеринин дипломатиялык активдүүлүгү сезимге эмес, прагматизмге таянат. Ал тарыхты да, географияны да жакшы билгендиктен азыркы аракеттери келечекте Францияга экономикалык, саясий жактан утуш алып келерин эң сонун түшүнөт.
Улам тереңдеп бараткан көйгөйлөрдү континенталдык Европа англосакстар союздаштарына кылчактабастан өз алдынча чечүүгө тийиш. Ошону менен катар Европа өз экономикасын кайра жандандырышы абзел. Ал эми жаңы европалык коопсуздукту камсыз кыла турган көзүрлөрдүн дээрлик баары бүгүнкү күндө Москванын колунда.