Күнүгө ушундай тамак жейсиңерби? Садыр Жапаров аскерлер менен түштөнгөн видео

Бүгүн, 31-март күнү, Ысык-Көл облусунда "Калкан — 2022" атайын тактикалык машыгуу өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ысык-Көлдө аскерлер менен чогуу түштөндү.
Белгилей кетсек, бүгүн, 31-март күнү, Ысык-Көл облусунда "Калкан — 2022" деп аталган атайын тактикалык машыгуу өттү.
Анын алкагында Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аскерлер менен чогуу тамактанды. Өлкө башчы түштөнүү учурунда жанындагы жоокерден "бул күндөгүдөй эле тамакпы же бүгүн эле өзгөчөлөнүп калдыбы" деп сурап жатканын угууга болот. Ал эми Ташиев аскерлердин кайсы аймактан келгенин сурап баарлашып отурган.
Бүгүнкү машыгууда "Байрактар ТБ-2" пилотсуз аппараты, ок өтпөс техникалар жана жаңы алынган "Тигр" автоунаалары колдонулду.
"Байрактар" колдонулган тактикалык машыгуу Көлдө өтүп жатат. Сүрөттөр