Пресс-борбор

Кыргызстанга туристтер жер транспорту менен каттай башташы мүмкүн

2020-жылы пандемияга байланыштуу көптөгөн мамлекеттер менен чек аралар жана аба жолдору жабылган. Андан кийин чектөөлөр алына баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бардык мамлекеттин жарандарына жерде жүргөн транспорт менен каттоого мүмкүнчүлүк түзүү каралууда. Бул тууралуу Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.
Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
Ал Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда өткөн "Туризм тармагы банкрот болушу мүмкүнбү? Департамент көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору тууралуу" аттуу брифингге катышты.
Эске салсак, ишкерлер менен эксперттер Кыргызстанга туристтик сектордун банкротко учурашынан жана чет элдиктердин аз келишинен кооптонуп жатат. Буга гиддер жана туристтерди ташыган айдоочулардын чоң салыктын айынан, менеджменттин начардыгынан жана коопсуздуктун камсыздалбаганынан улам иштен массалык түрдө кетип жатканы себеп болууда.
Кенжематованын айтымында, 2020-жылы пандемияга байланыштуу көптөгөн мамлекеттер менен чек аралар жана аба жолдору жабылган.
Андан кийин бир катар иштер жүргүзүлгөн. Тагыраагы, 2020-жылы октябрда 33 мамлекет менен чек ара ачылган, ошол жылы декабрда бардык мамлекетке аба транспорту менен каттоого уруксат берилген. 2021-жылы 67 өлкөнүн жарандары аба кемеси менен каттай баштаган.
"Жыл башынан бери Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттердин тизмесин кеңейтүү боюнча сунуштарды берип келгенбиз, азыр министрлер кабинетине да сунуш бердик. Учурда коронавирус боюнча чектөө алгоритмин такыр эле алып салууну да сунуштап жатабыз. Азыр алар актуалдуу болбой калды", — деди Кенжематова.
Анын айтымында, өзүн сыйлаган турист вакцина сайдырып, кошумча эмдөөдөн дагы өткөн. Кыргызстан вакцинанын бардык түрүн бир тараптуу жактырган. Кенжематова департамент жайкы туристтик сезондо коронавирус боюнча алгоритмди алып салууга жана мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүүгө аракет кыларын белгиледи. Маселен, эпидемиологиялык абал жакшырган 74 мамлекеттин жарандарына жерде жүргөн транспорт менен каттоого уруксат берүү каралып жатат.
Жаңы түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду эмне иш кылары айтылды