Пресс-борбор

Казакстан транспорт үчүн жолду ачабы? Туризм департаментинин жообу

Адиске "Казакстанга аба каттамы аркылуу кирүүгө уруксат берилип, бирок транспорт менен барууга эмне себептен тыюу салынып жатат?" деген суроо узатылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова Казакстан туристтик сезондун алдында Кыргызстанга жол-транспорт каттамын ачат деп үмүт артарын билдирди.
Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
Адис Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Туризм тармагы банкрот болушу мүмкүнбү? Департамент көйгөйдү чечүү жөнүндө" аттуу брифингге катышты. Ага "Казакстанга аба каттамы аркылуу кирүүгө уруксат берилип, бирок транспорт менен барууга эмне себептен тыюу салынып жатат?" деген суроо узатылган.
"Бизде Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын туризм боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн түзүлгөн эксперттердин тобу бар. Кесиптештерибизден эмне себептен жол жабылып жатканын бир нече ирет сураганбыз. Алар пандемиянын жайылышына байланыштуу кабыл алынган эрежелердин документин жүйө келтиришкен. Андан бери бир нече ирет кайрылдык, тилекке каршы, жооп жок", — деди ал.
Кенжематова сүйлөшүүлөр өкмөттүк деңгээлде жүрүп жатканына жана чек ара жакынкы аралыкта ачылып каларына үмүт артарын кошумчалады.
Пресс-борбор
Кыргызстанга туристтер жер транспорту менен каттай башташы мүмкүн