"Байрактар" колдонулган тактикалык машыгуу Көлдө өтүп жатат. Сүрөттөр

Байрактар ТБ-2 сокку уруучу учкучсуз учагы. Архив
Машыгууга УКМКнын, Коргоо министрлигинин, ӨКМ жана ИИМдин бөлүктөрү катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда бүгүн, 31-мартта, "Калкан-2022" атайын тактикалык машыгуусу өтүүдө. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Кыргызстандын президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Садыр Жапаров Балыкчы шаарындагы Коргоо министрлигинин "Эдельвейс" окуу борборунун базасында өтүп жаткан иш-чарага көз салууда", — деп айтылган маалыматта.
Машыгуунун негизги максаты — мамлекеттик чек ара тилкесинен өтүп кирип келген шарттуу душманды жок кылуу боюнча Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттеринин ырааттуулугун иштеп чыгуу. Машыгууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү катышууда.
Машыгуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тарыхында биринчи жолу УКМКнын Чек ара кызматынын куралдануусундагы "Байрактар ТБ-2" деп аталган сокку уруучу пилотсуз учактар колдонулат.
Чек ара кызматынын аскерлери куралданган "Байрактар ТБ-2" сокку уруучу учкучсуз учактары 2021-жылы республикалык бюджеттин каражатына сатып алынган.
Президент Садыр Жапаров аскердик техникаларды тапшыруу аземинен кийин ок өтпөс Тигр автоунаасын айдап, сынап көрдү
Садыр Жапаров ок өтпөс "Тигрди" айдап, сынап көрдү. Видео