Францияда күйүүчү майдын кымбатташына нааразы таксисттер митингге чыкты

Францияда дизель майынын бир литри 2,1165 еврого чейин кымбаттаса, SP95 бензини 1,9670 еврого, Super SP95 2,0042 еврого чейин жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Франциянын жүздөгөн таксисттери күйүүчү майдын кымбаттаганына нааразы болуп Париждеги Экономика жана финансы министрлигинин имаратынын алдына чогулушту. Бул тууралуу РИА Новости "Франс Пресс" басылмасына таянып кабарлады.
Акция Такси жана профсоюз улуттук федерациясынын чакырыгы менен уюштурулган. Митингге чыккандар күйүүчү майга кошумча нарк салыгын 5,5 пайызга чейин (азыр 10 пайыз) түшүрүү, энергоресурсту керектөөдө салыкты эркин төлөөгө өткөрүү жана электромобилдерге өтүүгө жардам берүү талаптарын коюшкан.
"Мурда мен күнүнө бензинге 20 евро коротчумун. Азыр 35 евро кетет. Бул айына 450 еврого көп", — деген профсоюз өкүлү Паскаль Шаллита.
Мындай нааразычылык акциясы Нант менен Бордо шаарларында да өткөнү айтылды.
Францияда күйүүчү майга болгон баа жыл жаңыргандан бери өсүп келе жатат. Ал эми мурдагы жумада бензин болуп көрбөгөндөй кымбаттаган.
Дизель майынын бир литри 2,1165 еврого чейин кымбаттаса, SP95 бензини 1,9670 еврого, Super SP95 2,0042 еврого чейин жеткен.
Россия Украинада атайын операция баштагандан кийин АКШ жана анын союздаштары РФке каршы санкциялык кысымдарды күчөткөн. Бирок бул Батыш өлкөлөрү үчүн көйгөйлөрдү жаратып, күйүүчү май менен азык-түлүктүн наркы тездик менен өсүп кеткен.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Песков: Россия газы 31-марттан тарта эле рубль менен сатылып калбайт