Борбор Азияда айрым мамлекеттер ортосунда 30 жылдан бери көйгөй жаратып келген чек ара тилкелерин аныктоодо Россия жана Кытай адилеттүү арбитр болуп бере алмак. Мындай пикирин Нурбол Самаганов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыр дүйнөдө саясий жана экономикалык жааттан алганда кайра куруу доору башталды.
"Учурдагы геосаясий жана экономикалык ири өзгөрүүлөрдү Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан өзү үчүн жакшы жагына пайдаланып калса болот. Бирок бир тоскоолдук бар. Чөлкөмдөгү кээ бир мамлекеттер ортосундагы чек ара көйгөйлөрүнөн улам Борбор Азия өлкөлөрү бири-бири менен мамилеси өтө солгун аймакка кирет. Ушул көйгөйдү чечүүдө Россия жана Кытай адилеттүү арбитр болуп бере алмак. Чек ара маселелери чечилген соң кошуна мамлекеттер ортосунда экономикалык, маданий жана башка алакалар жанданып, бул өз кезегинде өнүгүүгө алып келмек", — деди Самаганов.
Ал Россия менен Кытайдын өз ара алакасы үчүн да Кыргызстан ыңгайлуу позицияда жайгашканын кошумчалады.