Бишкектеги жайма базарларды рыноктун ичине көчүрүү аракети жүрүп жатат

Муниципалитеттин маалыматына караганда, "Ош" базарынын ичинде 400-500 бош орун бар.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Ленин акимчилиги "Ош" базарынын аймагындагы жайма базарда иштегендерди базар ичине көчүрүү аракетин көрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда рынок ичинде 400-500 бош орун бар.
"Мисалы, "Ош базары" соода борбору 500 чарчы метрлик аянт бере алат. Ошондой эле жашылча-жемиш саткан жакта жана башка катарларда дагы орундар бар", — деп айтылат маалыматта.
Жайма базарда иштегендер Токтогул №259 дарегиндеги "Ош базары" соода борборуна кайрыла алышат же болбосо 0701 290 890 номери аркылуу байланышууга мүмкүн.
Бишкектин кээ бир жолдору оңдоп-түзөө үчүн жабылды. Тизме