ЖМК: АКШ Россиянын жер семирткичин ташууга киргизген санкциясын алды

Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан кийин көптөгөн батыш өлкөлөрү Москвага ири санкцияларды киргизди.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. АКШ азык-түлүк тартыштыгы жаралбашы үчүн Россиянын минералдык жер семирткичтерин импорттоого чектөөнү жумшартты. Бул тууралуу РИА Новости "Коммерсантъ" басылмасына шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, АКШнын Финансы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) 24-мартка карата жаңы генералдык лицензиясын жарыялаган. Анда Россиянын минералдык жер семирткичтерин санкциядан чыгаруу каралган.
Жер семирткичтер айыл чарба азыктары, дары-дармек жана медициналык буюмдар менен катар жашоого керектүү азыктардын тизмесине киргизилген.
Бул дүйнөлүк рынокто Россиядан келген азык-түлүктүн жетишсиздиги менен байланыштуу экени айтылат. Ири компаниялар россиялык ишканалар менен кызматташууну токтоткон. Логистикадагы көйгөй чектөө киргизилбеген башка мамлекеттер аркылуу чечилип келе жатканына карабастан, эксперттер лицензия жарыялангандан кийин абал жакшырганын белгилеген.
Басылмага маалымат бергендер АКШ менен Европада Россиянын химиялык азыктарынын бажы алымынын жоюлушуна да ишеним арткан.
Ошондой эле алар АКШ менен Европа Россиянын товарларынан бир топ эле көз каранды экенин, Москва кырдаал начарласа товардык агымды Азияга буруп жибериши мүмкүн экенин белгилеген.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан кийин көптөгөн батыш өлкөлөрү Москвага ири санкцияларды киргизди. Анда банк секторуна жана жогорку технологиядагы товарларды жөнөтүүгө байланышкан чектөөлөр бар. Ошондой бир катар бренддер Россияда ишин токтоткон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Небензя: Россияга каршы чектөөлөр дүйнөлүк экономиканы кризиске кептейт