Өкмөт Улуттук банк көргөн пайданын 90%ын бюджетке алууну көздөп жатат

Башкы банктын 2021-жылдагы таза кирешеси 9,2 миллиард сомду түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Улуттук банкка түшкөн пайданын 90 пайызын республикалык бюджетке алуу мыйзам долбоору сунушталды.
Бул боюнча финансы министринин орун басары Илияз Иманбетов парламентте баяндама жасап, Улуттук банк мурда пайданын 70 пайызын гана берип келгенин билдирди.
"Бул мыйзам долбоору 2021-2022-жылдары пайдадан чегерген каражаттын өлчөмүн 70тен 90 пайызга көтөрүү менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыкты. Бул Улуттук банктын ишине терс таасирин тийгизбегенин белгилеп кетем", — деди Иманбетов.
Ошондой эле ал бул маселе боюнча башкы банктын жетекчилиги менен макулдашканын, каршы пикир айтылбаганын белгиледи.
Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев 2021-жылдагы таза киреше 9,2 миллиард сомду түзгөнүн билдирди. Эгер мыйзам кабыл алынса пайданын 90 пайызын, тагыраак айтканда, 8,28 миллиард сомду республикалык бюджетке чегерүүгө милдеттендирилет.
Кыргызстандын банктарында депозиттер азаюуда