Ташкентте 3 жашар кызын аюунун капасына ыргыткан аял психикалык жактан ооруган

Окуя январдын этегинде Ташкентте болгон. Тергөө органдары кыздын энесин мажбурлап дарылоого жиберүүнү суранды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ташкенттеги зоопаркта үч жаштагы кызын аюунун капасына ыргытып жиберген аялды соттук-психиатриялык экспертиза психикалык жактан оорулуу деп тапты. Бул тууралуу РИА Новости Өзбекстандын Башкы прокуратурасына шилтеме берип жазды.
Тергөө органдары аны мажбурлап дарылоого жиберүүнү суранды. Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, аял 2021-жылдын июль айынан бери психоневрологиялык диспансердин каттоосунда турат. Окуя январдын этегинде болгон. Жырткыч балага тийген эмес, кыз беш метрлик тосмодон кулап жаракат алган. Прокуратура анын энесине карата "Киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда кеминде 15 жылга эркинен ажыратуу каралган.
"Комплекстүү соттук-психиатриялык-психологиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, шектүү өмүрү өткүчө психикалык жактан жабыркай турганы аныкталды. Буга байланыштуу ал тергөөдө жана сотто туура көрсөтмө бере албайт", — деп билдирген Башкы прокуратура.
Тергөө органдары аялга карата "медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын" колдонуу боюнча чечим чыгаруу үчүн ишти сотко өткөргөн.
Аюунун капасына кулаган бөбөк башынан жаракат алып, мээси чайкалган. Январдын соңунда ооруканадан чыгарылып, туугандарына өткөрүп берилген. Улуттук балдар медициналык борбору кыз 18 жашка чыккыча ден соолугуна байкоо жүргүзүп турмакчы.
Өзбекстандын Махалла жана үй-бүлөнү колдоо министрлигинин маалыматы боюнча, кыздын апасы күйөөсү Россияга кеткенден бери депрессияда жүргөн. Ага эки баласы менен социалдык жана юридикалык жардам көрсөтүлүп турган. Башында аялдын жумушу жок экени айтылган, кийинчерээк министрлик ал Ташкенттеги окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштегенин тактаган.
Бетине, төшүнө бычак урган. Мурдагы аялына кол салган казакстандык кармалды