Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиялыктар арасында Украинадагы атайын операцияны колдогондор көбөйдү

Атайын операциянын максаты тууралуу суроого сурамжылоого алынгандардын 42 пайызы "Россиянын коопсуздугун камсыз кылуу, Украинаны куралсыздандырууга, анын аймагында НАТОнун базаларын жайгаштырууга жол бербөө" деп жооп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Россиялык коомдук пикирди изилдөө борбору (ВЦИОМ) өлкөнүн Украинадагы атайын операциясына россиялыктардын өздөрүнүн мамилеси боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады.
Маалыматка ылайык, атайын операцияны өткөрүү чечимин жарандардын 76 пайызы колдогон.
"Мониторинг башталгандан бери колдоо 11 пайызга өстү. Тескерисинче, колдобогондордун саны 10 пайызга азайды. Тагыраагы, учурда атайын операцияны жактырбагандар сурамжылоого катышкандардын 15 пайызын түздү. Респонденттердин тогуз пайызына жооп берүү кыйынга турду", — деп айтылат билдирүүдө.
Атайын операциянын максаты тууралуу суроого сурамжылоого катышкандардын 42 пайызы "Россиянын коопсуздугун камсыз кылуу, Украинаны куралсыздандырууга, анын аймагында НАТОнун базаларын жайгаштырууга жол бербөө" деп жооп берди. 21 пайызы "Украинанын саясий багытын өзгөртүү, улутчулдарды бийликтен кетирүү" деген ойдо. 18 пайызы "ДЭР жана ЛЭР калкын коргоо" деп эсептейт. "Украинанын мамлекеттүүлүгүн жок кылуу, аны Россиянын аймагына кошуу максаты бар" деген позицияны төрт пайызы карманат.
Россиялыктар арасында Украинадагы атайын операцияны колдогондор көбөйдү