Песков: Россия газы 31-марттан тарта эле рубль менен сатылып калбайт

РФ президенти Владимир Путин 23-март күнү Россия кастык мамиледеги мамлекеттерге, тагыраагы, АКШ менен Европага газ менен россиялык товарларды алардын валютасында сатуу маанисиз экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Россия газын рубль менен сатып алуунун жаңы механизмдери 31-мартта эле дароо күчүнө кире калбайт. Бул тууралуу Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Журналисттер андан бул эреже 31-мартта иштей баштайбы деп сурашкан.
"Жок, төлөө жана жеткирүү — бул көп убакытты талап кылган процесс. Бүгүн жеткирем, кечке чейин акчасын төлөп кой дечүдөй оңой товар эмес. Бардыгына убакыт керек", — деди Песков.
Эске салсак, РФ президенти Владимир Путин 23-март күнү Россия кастык мамиледеги мамлекеттерге, тагыраагы, АКШ менен Европага газ менен россиялык товарларды алардын валютасында сатуу маанисиз экенин билдирген. Путин Борбордук банкка Европа менен эсептешүүлөрдү рублге өткөрүүгө бир жума, тагыраагы, 31-мартка чейин убакыт берген болчу.
Россия менен мунай-газ оюндары Европаны туңгуюкка такады