РФ жана Кытайдын ТИМ башчылары Батыш санкцияларынын майнапсыздыгын белгилешти

Россия менен Кытай стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнү улантып, дүйнөлүк аренада позициясы бир болору белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кытай менен Россиянын тышкы иштер министрлери Ван И менен Сергей Лавров Туньсидеги (КЭР) жолугушууда антироссиялык санкциялардын майнапсыздыгын белгилешти. Бул тууралуу РФ ТИМи билдирди.
Украинадан улам Батыштын бир катар мамлекеттери Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизген. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков айткандай, бул чектөөлөр өтө катаал, бирок Россия буга алдын ала даярданган. Ал Россиянын кызыкчылыгына төп келгидей кылып жооп кайтаруу үчүн мекемелердин координациясы талап кылынарын кошумчалаган.
ТИМ министрлер Украина боюнча пикир алмашканын кабарлады. Лавров кесиптешине Украинадагы атайын операциянын жүрүшү жана Киев режими менен сүйлөшүү процесси тууралуу маалымат берди.
Дипломаттар Афганистан, Борбор Азия жана Корей жарым аралындагы абалды талкуулап, Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаал тууралуу сүйлөшкөнү айтылды. Россия тарап АКШнын Украинадагы аскердик-биологиялык ишмердүүлүгүнө көңүл бурду.
"Министрлер эл аралык оңой эмес кырдаалда Россия менен Кытай стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнү улантып, дүйнөлүк аренада позициясы бир болорун белгилешкен. Тараптар алаканы мындан ары да ушул нукта улантууну макулдашышты", — деп айтылат ТИМдин маалыматында.
Владимир Путин буга чейин Россияны ооздуктоо жана алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, ал эми санкциялар дүйнөлүк экономикага олуттуу залака тийгизерин билдирген. Анын айтымында, Батыштын башкы максаты — миллиондогон кишинин жашоосун начарлатуу. Путин АКШ менен Евробиримдик түзгөн азыркы кырдаал "Батыштын саясаттагы да, экономикадагы да глобалдуу үстөмдүгүнө чек коюп келе жатканын" билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Украинаны кантип шыкактап козутууда?