Ошто мыйзамсыз менчиктелген 127 гектар жер мамлекетке кайтарылды

2016-жылы Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги айыл чарба багытында колдонулган 127 гектар жер "Кадастр" ишканасынын кызматкерлери тарабынан менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда баасы 320 миллион сомду түзгөн 127 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлады.
Маалыматка караганда, райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 2016-жылы Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги айыл чарба багытында колдонулган 127 гектар жер райондук "Кадастр" ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, жер тилкесине мыйзамсыз берилген документтерди жараксыз деп табуу арызын сот канааттандырган.
Жыйынтыгында жер тилке мамлекетке кайтарылды.
Чүйдө эки өспүрүмдү кагып качып кетти делген айдоочу кармалды. Сүрөт