Радио

Жунушов: ун аткезчилик менен тышка чыкпаса тартыштык жаралбайт

Тегирменчилер ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов 2020-жылы өлкөдө сегиз ун комбинаты иштеп келгенин айтып, учурда алардын саны 26га жеткенин белгиледи.
Sputnik
Аткезчилик менен ун сыртка чыкпаса, буудай тыштан үзгүлтүксүз келип турса өлкөдө тартыштык болбойт. Бул тууралуу Рустам Жунушов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө ундун жетиштүү запасы бар.
"2020-жылы жергиликтүү тегирменчилер өлкөнүн 20 пайызын гана ун менен камсыздачу. Калган 80 пайызын аткезчилик менен келген товарлар ээлеген. Сегиз гана ун комбинаты иштеп турду. Пандемияда Казакстан менен чек ара жабылганда өлкөдө тартыштык жарала баштады. Ошондогу тартыштык деле жасалма болуп, эл дүрбөлөң түшүп унду аябай көп сатып алышкан. Кийин бузулуп кетти деп сатып алган ундарды кайра кайтарууга аракет кылгандар болду. Учурда абал башка. Анткени министрлер кабинети аталган тармакты өнүктүрүү үчүн жеңилдиктерди берди. Натыйжада аткезчилик дээрлик азайып, азыркы тапта 26 комбинат иштеп жатат. Эгер буудай болсо кайра иштетүүчү тармак өлкөнү 120 пайызга камсыздай алат. Учурда Россиядан квота менен буудай алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүүдө. Демек, өлкөдө ундун тартыштыгы болбойт. Тийиштүү запас дагы бар. Бир гана жагдай, өлкөдөн аткезчилик менен башка өлкөлөргө ун ташыла баштаса, коркунуч жаралышы ыктымал. Себеби коңшу өлкөлөрдө ундун баасы жогору болуп, тартыштык жаралып жатканы айтылууда", — деди Жунушов.
Ошондой эле ал ун комбинаттарга буудай сырттан ташылып келбестен жергиликтүү фермерлердин буудайын алууну жолго салуу зарылдыгын кошумчалады.